Радио

Бейшебек уулу: кыргызстандык тай боксчулардын эл аралык аренадагы орду жогору

Тай боксу боюнча дүйнө чемпиону, муай-тай боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Жаныбек Бейшебек уулу өлкөнүн ар бир облусунда тай боксу боюнча балдар машыгып, спорттук залдардын саны көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандык тай боксчулардын эл аралык аренадагы орду жогору. Ири мелдештерде жогорку көрсөткүчтөрдү багындырган кыргыз спортчуларынын саны өсүп жатат. Бул тууралуу Жаныбек Бейшебек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө өткөрүлүүчү мелдештердин санын көбөйтүү аркылуу гана мыкты спортчуларды таптоого болот.
"Мен да убагында чыгыш согуш өнөрлөрүн өздөштүрүүнү каалап, тай боксуна кызыгып, машыгып калгам. Ал учурда кытайлардын, жапондордун, тайлардын кинолорун көрүп, алардын чебер спортчуларына суктангандар көп болгон. Балким ошол себептен 90-жылдары кик-боксинг, тай боксу өнүкпөсө керек. Учурда да бул спорт менен машыккандардын саны абдан көп. Мисалы, өлкөнүн ар бир облусунда тай боксуна балдар катышып, спорттук залдардын саны көбөйүүдө. Ага байланыштуу күчтүү мектеп түптөлүп, эл аралык аренада биздин ордубуз жогору турат. Ири мелдештерде жакшы көрсөткүчтөрдү багындырган кыргыз спортчуларынын саны да өсүп жатат", — деди Бейшебек уулу.
Ошондой эле спортчу машыктыруучулардын санын көбөйтүп, өлкөдөгү тай боксу мектебинин кадырын төмөндөтпөө керектигин кошумчалады.