Кыргызстан менен Россия аскердик кызматташтыкты тереңдетет

Мамлекет башчылары маалыматтык жана биологиялык коопсуздук жаатында кызматташууну тереңдетүү да уланып жатканын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстан менен Россия аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, республиканын аймагында Россиянын аскердик объектилерин өнүктүрүүгө даяр. Бул тууралуу Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Кыргызстандын коопсуздугун жана эгемендигин коргоону камсыз кылуу, анын ичинде эл аралык террористтик уюмдардын мүмкүн болгон куралдуу кол салууларына каршы туруу зарылчылыгы баса белгиленет. Мамлекет башчылары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн чыңдоого жана анын аймагында жайгашкан россиялык аскердик объектилерди өнүктүрүүгө көңүл бурушту", — деп айтылат маалыматта.
Президенттер өлкөлөр эл аралык терроризмге, диний экстремизмге, кылмыштуулуктан түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууга, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жана башка ушул сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташтыкты чыңдоону улантып жатканын белгилешти.
Мындан тышкары, билдирүүдө маалыматтык жана биологиялык коопсуздук жаатында кызматташуу жүрүп жатканы айтылды.
Россиянын дагы эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдуктары пайда болот