Кылмыштуу кирешени адалдоого шектелген фармкомпания аныкталды. Видео

Компания макулдашуу түзгөн дарыгерлер аркылуу бейтаптарга продукциясын саттырып жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ички иштер министрлиги кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектүү фармацевтикалык компаниянын эки филиалын аныктаганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, алардын башкы кеңсеси Азербайжанда жайгашкан. Кыргызстанда анын "RV" жана "RO" аттуу жоопкерчилиги чектелген компаниялары 2018-жылдан бери иштеп келген. Алар дарыканаларда препараттарды сатуудан түшкөн акчасын жашырып, бухгалтердик эсепке алган эмес.
Ошондой эле кээ бир дарыгерлер менен макулдашуу жүргүзүп, ак халатчандар бейтаптарга аталган фирманын дарыларын алууну сунуштап турган. Мындай жол менен дарыгерлер сатуудан түшкөн акчанын канча бир пайызын алып жүрүшкөн.
"Аталган факт боюнча "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында фармкомпаниянын директору, 1987-жылы туулган, Азербайжандын жараны А.Э. жана аталган фирманын бухгалтери 1960-жылы туулган Ц. Л. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Фармкомпаниянын мындай аракеттери калктын ден соолугуна коркунуч туудурганы, ошондой эле мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна доо кетиргени айтылды.
Лейлекте жергиликтүү тургундар менен аскер кызматкерлери мушташа кетти. Видео