БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Шектүү депутат
© Фото / пресс-служба МВД КР
Ага ылайык, ИИМдин тергөө кызматына Достук айылынын тургундары арыз менен кайрылышкан. Анда алар жергиликтүү кеңештин депутатынын иш-аракеттерин кароону өтүнүшкөн.
"Айылдык кеңештин депутаты "суу өткөрөбүз" деп тургундардан 3 500 сомдон акча чогултуп алган. Бирок эл жасалган иштерге нааразы. Алардын айтымында, түтүктөр сапатсыз, жарабай калган. Суу чыгарганга жеке компаниялардын бири жооптуу болгон, бул ишке демөөрчү катары фонд дагы тартылган. Ишти И.К. аттуу жеке фирма жүргүзгөн", — деди ИИМден.
Топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү жүргүзүүдө.
"Кылмыш ишинин алкагында Аламүдүн районундагы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты И.У. тергөө кызматына жеткирилип, андан ары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал буга чейин да бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары улантылып жатат. Милиция бул маселе боюнча жашоочуларда суроолор же арыздар болсо Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү телефон номерлер аркылуу кайрылса болорун билдирди: 0(312) 36-35-23, 36-35-27