Садыр Жапаров расмий сапар менен Россияга учуп кетти. Делегациянын курамы

Мамлекет башчысы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Россияга жөнөп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын жүрүшүндө Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.
Өлкө лидерлери күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле расмий сапардын алкагында Жапаровдун башка расмий адамдар менен жолугушуусу пландалган.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барары айтылды.
Расмий делегациянын курамы:
Адылбек Касымалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Марат Иманкулов — Коопсуздук кеңешинин катчысы;
Гульнара-Клара Самат — Кыргызстандын Россиядагы элчиси;
Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;
Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;
Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Таалайбек Ибраев — энергетика министри;
Нурдан Орунтаев — Бишкек шаарынын вице-мэри.
Путин кыргызстандыктарды жана Жапаровду Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады