Садыр Жапаров Москвага конду. Сүрөттөр

Жапаров РФ лидери Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Москва шаарына келгенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Учагы "Внуково 2" эл аралык аэропортуна конгон мамлекет жетекчисин Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Москва шаарына келгенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Учагы "Внуково 2" эл аралык аэропортуна конгон мамлекет жетекчисин Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды

3 / 3

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.
Эске салсак, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугуп, бир катар иш-чараларга катышат.
Путин кыргызстандыктарды жана Жапаровду Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады