Россия дүйнөнүн күчтүү 10 экономикасынын катарына кайтты. Рейтинг

ИДП боюнча түзүлгөн рейтинг өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтарынын жылдык же кварталдык эсептөөлөрүнүн негизинде аныкталат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Россия 2014-жылдан бери дүйнөнүн күчтүү делген 10 экономикасынын катарына кайтты. Бул тууралуу РИА Новости Дүйнөлүк банк менен улуттук статистикалык кызматтардын маалыматына таянып жазды.
2022-жылдын жыйынтыгы менен Россия 2,3 триллион долларга товар өндүрүп, кызмат көрсөткөн. Мындай жагдай өлкөгө аталган көрсөткүч боюнча рейтингдин сегизинчи сабын ээлөөгө жол ачкан. Акыркы жолу Россия бул тизмеге 2014-жылы кирип, 2,05 триллион долларлык ИДПсы менен тогузунчу орунда болчу. 2021-жылы 11-сапты ээлеген.
Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен рейтингдин башында номиналдык ИДПсы 25,56 триллион долларды түзгөн АКШ турат. Экинчи катарда Кытай жайгашса (17,94 триллион), үчүнчүнү Япония (4,17 триллион) ээлеген.
Германия (4,07) төртүнчү сапта, бешинчи катарда Индия (3,4) бар. Ал эми Британия алтынчы (3,07), Франция (2,72) жетинчи орунда турат.
Россиядан кийин тогузунчу сапты Канада (2,14), акыркы болуп тизмени сегизинчи саптан ылдыйлаган Италия (2,01) ээлеген. Ондуктан Түштүк Корея чыгып калды. Дароо үч орунга төмөндөп, 13-орунда туруп калган.
ИДП боюнча түзүлгөн рейтинг өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтарынын жылдык же кварталдык эсептөөлөрүнүн негизинде аныкталат. Мында эсеп-чот улуттук валюта менен көрсөтүлөт, эгер муктаждык болсо долларга айландырылат. 2021-жыл үчүн Дүйнөлүк банктын маалыматтары колдонулган.
Ак үй АКШда дефолт болуп кетсе миллиондогон иш орун жок болорун айтты