БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Нарын шаарынын 1980-1990-2000-жылкы муундары калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн экөөнү ак өргөөлүү кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Алгач аталган шаардан үйгө муктаж болуп жүргөн он үй-бүлө тандалып алынган. Андан соң алар чүчү кулак кармап, жыйынтыгы менен эки бүлөгө тамдын ачкычтары тапшырылган.
Алардын бирине Ак-Коргон аймагынан алып беришсе, экинчисин РТС аймагынан үйлүү кылышкан.
Эске салсак, бул жакшы иш Нарын шаарында туулган муундар арасында өткөрүлгөн "Ынтымак турниринин" арты менен болгон. Алар жаз-күз айларында чогулуп, муундар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүп келишет. Чогулган каражатка жалпысынан бүгүнкү эки бүлөнү кошкондо 16дан ашык үй-бүлөнү үйлүү болгону айтылды.
Жыл сайын муундар арасында кичи футбол уюштурулуп, ал аркылуу чогулган акчаны себепсиз коротпой, үлгү болчу мыкты иштерге жумшоону максат кылышкан.