Өкмөт коррупцияны алдын алуу боюнча стратегиялык план иштеп чыкты

Анын ишке ашышына Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар мониторинг жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Коррупцияны алдын алуу боюнча 2023-2025-жылдарга карата стратегиялык иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Максаты — коммерциялык уюмдарда башкаруу процессинин айкындуулугун камсыз кылуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө, ишкерликти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү.
Пландын ишке ашышына Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар мониторинг жүргүзөт.
"Мындан тышкары, президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңеши, жарандык коом жана бизнес-ассоциациялар дагы сырттан көзөмөл жүргүзүп турушу зарыл", — деп айтылат кабарда.
Бийлик мындай жол менен мамлекеттик органдарга калктын ишеним индексин жогорулатууну көздөп жатат.
Кыргызстанда коррупцияга белчесинен баткан бийликтин сегиз органы. Тизме