Боом капчыгайында төрт күн бою жол маал-маалы менен жабылып турат

Айдоочуларга сапарларды алдын ала пландап алуу сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. 10-13-май күндөрү Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөрүн "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Тагыраагы, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунуч жараткан таштар атайылап түшүрүлөт.
Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүп турары айтылды. 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилмекчи.
Мындай иштердин аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.
Быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсүнө асфальт төшөлөт