БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Аптанын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Мисалы, 8-майдан 12-майга чейин облус аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
13-14-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.