Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, жоокер Бекмурза Мурзакуловдун небереси Абдумалик Бекмурзаев болду. Биз кан менен тер жыттанган согуш жылдары, дайынсыз кеткен аталар тууралуу баарлаштык.
— Чоң атаңыз да согушка кетип дайынсыз. Айылдаш аталарыңыздан да кайтпай калгандар болуптур…
— Бул ар бир үй-бүлөнүн башына түшкөн мүшкүл. Менин чоң атам да 1942-жылы 42 жашында согушка чакырылып кетип, ошол бойдон дайынсыз. Ал киши жазып-окуганды билген эмес. Атын гана жаза алган экен. Атам менен согушка кеткен айылдашыбыз азыркы Астанага чейин чогуу барып, андан ары бөлүнүп кетишет. Айылдагы Акмат чоң атанын беш баласы тең согушка кетип, төртөө кайтпай калган. Жалгыз кайтып келген Эшмат ата 90 жашка чыгып кайтыш болду. Калгандары дайынсыз. Жоро деген уулунан гана кара кагаз келген. Туугандары өмүрүнүн акырына чейин күтүп, кат-кабар издеп жүрүп өтүштү. Өзүмдүн апам 80 жашында каза болду. Ал ушул кишилердин энесин эскерген сайын ыйлап, жаман болор эле. "Мен тестиер кыз элем, беш баласы согушка кеткен Шаримса чоң энем кан кусуп жатканы көз алдымдан кетпейт. Согуш жаман" деп көп айтчу. Бир ирет 8-9-класс кезимде эртең менен өзүмдүн чоң энем аябай жасанып алганын көрдүм. "Эне, бир жакка барасызбы?" десем "27 жыл күткөн чоң атаң түшүмө кирди. "Келип калабы" деп кийинип алдым" деди. Кандай жүрөктү ооруткан көрүнүш. Азыр да эстеп жаман болуп кетем. Ал эми Жоро атабыздын уулу 81 жашка келип каза болду. Өмүр бою атасынын кара кагазын төш чөнтөгүнө салып, "атамдан калган жалгыз эстелик" деп көргөзүп, "баатырларча курман болду" деген жерин окуп берип кайра салып койчу эле. Акмат чоң атабыз бир баласын жаңы гана үйлөнткөндө согушка алып кетип калыптыр. Сарвар чоң энебиз менен үч күн гана чогуу жашаптыр. "Экөөбүз үч күн гана чогуу жашадык, элден ыйбаа кылып чыгып узата албай, көшөгөдөн гана "макул, кош, бар" деп коштошуп кала бердим. Белине байлаган бел боосун башыма жоолук катары салынып күтүп жүрдүм" деп ыйлачу эле. Ошол кишилердин абалын жашым өткөндө түшүнүп жатам.
Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, жоокер Бекмурза Мурзакуловдун небереси Абдумалик Бекмурзаев
© Sputnik
— Атаңызды согушка качан алып кеткени, кайсы убакка чейин кат жазышып, качан мамиле үзүлгөнү тууралуу маалыматыңыз барбы?
— Документи жок. Бирок атамдын эжеси көзү өткөнчө айтып жүрдү. Атасы согушка кеткенде ал 10 жашар кыз экен. Ээрчип аябай ыйлаптыр. Эки жолу кат келиптир. Биринчисинде "жолдо баратабыз" деп жазган. Ал кезде ошол каттардын маанисин деле элес албаганбы, баары жоголуп кетиптир. Кийин карындашым совет маалында пионерлер уюмуна кирип абдан издеди, бирок эч жерден маалымат чыккан жок. Менин божомолум боюнча, Москванын алдындагы Подольскийдеги архивден табылса керек. Мүмкүн Германиянын архивдеринен чыгар.
— Азыр коомчулуктун Улуу Ата мекендик согушка мамилеси өзгөрүп бараткандай сезилбейби?
— Улуу Жеңишти бурмалоо көбөйүүдө. Буга батыштын көз карашын жана саясатты аралаштырбоо керек. Бул кан менен, тер менен келген жеңиш. Биздин облустагы акыркы ардагер былтыр каза болуп калды. Согуш жылдарын көргөндөрдүн, ардагерлердин саны азайып кеткени үчүн бурмалап жатышабы, билбейм... Улуу Жеңиш 28 миллион кишинин эрдиги менен келген. Фашисттик Германия өзүн "арийлер" катары санап, ал кезде башкача саясат жүргүзгөн. Согушка катышкан аксакалдар да кан көрүп, жолдошторун жоготкондуктан фронт тууралуу сөз кылгысы келчү эмес. Кыйын кезеңди кантип унуткарабыз. Борбор калаада согуштан дайынсыз жоголгон жоокерлерге арналган эстелик болсо жакшы болмок. Ал эми Жеңиш паркындагы аял кишинин эстелиги — жолдошун, баласын согушка жөнөтүп зарыгып күтүп, кан какшап өткөн энелерге коюлгандай сезилет. Беш уулун согушка жөнөтүп (кичүүсү 17 жашта экен — Бекмурзаев), жол карап, төртөөнөн ажырап, кабары жок зарлап калган айылдаш чоң энеме арналгандай элестелет.
— Фронтко кеткен аталардан тышкары, тылда иштеген энелердин да жеңишке үлүшү чоң. Апаларыңыздын согуш маалындагы жасаган иштерин, абалын өздөрүнөн уга алдыңызбы?
— Чоң энем кара жанын карч уруп тылда иштеген учурун айтчу. Бир жолу колхоз картошка эгип, энем эки картошканы жеңинин ичине салып алыптыр. Аны көргөн башкарма "эки даана картошка маселеңди чечпейт, бирок согуштагы балдардын тамагын урдап, душманга жардам берип жатасың" дептир. Кийин арык чабууга барганда бир аял ошол жерде төрөп, кечинде аялдар ороп-чулгап берип, баласын үйүнө көтөрүп кеткен экен. Мындай окуялар далай өттү да. Тылдагы энелердин, балдардын көргөн күнү өзүнчө бир дастан. Эң жаман нерсе тарыхты унутканыбызда болуп жатат. "Улуу Ата мекендик согуш — ХХ кылымдын трагедиясы" десең азыркы балдар көңүл бурбайт. Канча жоокер барганы, канчасы кайтканы эле жазылып калды. Карапайым элдин кантип, канча жардамы тийгенин да тактап алуу керек. Муну менен балдарга аталардын эмгегин көргөзүп, согуштун жаман экенин туюнтуу менен тарыхты унуткарбоо зарыл. Кыргыздар жоокер элбиз. Ошондуктан балдарга согуш тууралуу айтпаш керек дегенге кошулбайм. Согуш кайсы доор, заман болбосун кайталана берет экен. Тескерисинче, айтып-деп, баатырлыгын, эрдигин үлгү кылып балдарды патриоттуулукка тарбиялоо керек.