Жүрөк опкоолжуйт. Асманда басып бараткан дарчынын видеосу

Мындай бийиктик башты эле айлантпастан, жүрөктү опкоолжутат. Кытайда эквилибристиканын бир түрү, слэклайн боюнча жарыш өткөн.
Sputnik
Хайнань аралындагы Янод коругунда кишини кайдыгер калтырбай турган чеберлер жарышкан.
Аскалар менен теңтайлаша турган түркүктөрдүн ортосуна тартылган жиптен эмес, жарым метр жерден тартылганынан өтүү оңой эмес. Бул сынакта дарчылар жүздөгөн метр өйдө жакта ичке жип менен басып жүрүштү.
Кытайлык тажрыйбалуу эквилибрист Ши жерден бир топ эле бийиктикте турган аркандан тамандап өтүү оңой иш эмес, жүрөктү опкоолжутат дейт. Тең салмактуулукту эле кармабастан, акылды, эмоцияны башкара билиш керек.
Ал 2020-жылы Цинъюань аймагында жерден жарым чакырым өйдө турган аралыкта тартылган, тагыраагы, шаркыратма менен аскалардын үстүндөгү жиптен басып өткөн.