Радио

Актриса: согуш мезгилиндеги каармандардын образын көп жараттым

Театр жана кино актрисасы, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, III даражадагы Манас орденинин ээси Гүлайым Каниметова согуш темасындагы тасмаларды көбүрөөк көрөрүн айтты.
Sputnik
Буга чейин аткарып келген ролдорунун көбү согуш учурундагы каармандар экенин баяндап берген Гүлайым Каниметова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып театрда ойногон Чынгыз Айтматовдун "Бетме-Бет" чыгармасындагы Сейденин ролуна токтолду.
"Мен үчүн Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды ойноо бир жагынан сыймыктуу, бир жагынан өтө жоопкерчиликтүү эмгек болду. Буга чейин көбүнчө согуш темасына байланышкан ролдорду көп жараттым. Алардын бири Сейденин образын жаратуу мага буюрду. Биз ойногон спектаклде Сейде менен Ысмайыл бири-бирин чын жүрөктөн жакшы көрүп, баш кошуп, күйөөсү согуштан качып келгенде баламдын атасы деп кабыл алганга аракет кылат. Ысмайыл жашаган үңкүргө тамагын ташып, жакшы мамиле жасайт. Бирок Тотуйдун уюн уурдаганда Сейденин сабыры түгөнүп, согуш мезгилинде эл кыйналып жатса күйөөсүнүн бул кылганына, анын жырткычка айланып баратканына жаны кейийт. Мына ушундай согуш жылдарына байланышкан образдар өзүмө да жакын", — деди актриса.
Ал учурда тажрыйбасын окуучулары менен бөлүшүп жатканын жана алардын ийгилигине өзүнүн жетишкендиктерине караганда көбүрөөк кубанарын кошумчалады.