БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23...+28, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көлдө +12...+17 жана Нарында +16...+21 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +26...+28 жана Ош шаарында +22...+24 градусту көрсөтөт.