Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата 11 мамлекеттин билдирүүсү жарыяланды

Документте Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын кайра кароого же бурмалоого, улутчулдарды баатырга айлантууга жол берилбей турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата 11 мамлекеттин билдирүүсү жарыяланды.
Кеп ЕККУнун туруктуу өкүлдөрү: Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Босния жана Герцеговина, Казакстан, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан жөнүндө болуп жатат.
"ХХ кылымдагы трагедиялуу тарыхый окуяны эсте сактоо жалпыбыздын милдетибиз. Расалык артыкчылык идеологиясына каршы күрөшүү үчүн өмүрүн берген миллиондогон адамдардын жасаган эрдиги жакшылыктын жамандыкты жеңген символу болуп саналат. Бошотуучулардын элесине арналган эстеликтерди, баатырлар менен аскер башчылардын мемориалдарын, жоокерлердин сөөгү коюлган жерлерди (каерде болбосун) жок кылып талкалоо аракеттерин чечкиндүү түрдө сынга алабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Документте Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын кайра кароого же бурмалоого, улутчулдарды баатырга айлантууга жол берилбей турганы айтылган. Нюрнберг трибуналынын чечимине ылайык, алардын жасаган кылмышынын мөөнөтү бүтпөйт.
Билдирүүнүн авторлору 2022-жылдын 15-декабрында кабыл алынган БУУнун Башкы ассамблеясынын "Улутчулдукту баатырдыкка айлантуу, неоулутчулдук жана башка расизмге каршы күрөшүү" жөнүндөгү резолюциясын колдой турганын белгилешкен.
Ошондой эле бардык мамлекеттерди Экинчи дүйнөлүк согуштагы фашизмге каршы күрөштүн элесин сактоого, элдердин улутчулдукту жеңүү үчүн жасаган эрдигин сыйлоого чакырышкан.
Владимир Путин 8-майда Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт