Улуттук филармония Ош шаарына гастролго барып концерт тартуулайт

Концертке филармониянын белгилүү таланттары катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы Ош шаарына гастролго барып концерт коет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, 16-17-18-19-май күндөрү "Улуттук филармония ыр-күү сунат жалпыга, уюткулуу, ордолуу Оштун калкына!" аттуу гала-концерти тартууланат.
Концертке Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри, Нурдин Түгөлов атындагы "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамбли, филармониянын эстрадалык-симфониялык оркестри жана атактуу ырчылары катышат.
Концерт Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында саат 19:00дө башталат.
Ысык-Көл театры Бишкекке 5 күндүк гастролго келет