БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы спикер Нурланбек Шакиевдин атынан жазылган кат жасалма экенин билдирди.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Шакиевдин качкын президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоону суранып башкы прокурорго жөнөткөн делген кат талкууланууда. Ал 2022-жылы апрелде Шакиев депутат, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери кезинде жазылганы айтылууда.
Бирок парламенттин маалымат кызматы муну четке какты.
"Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок", — деп жазылат билдирүүдө.
ЖКнын маалымат кызматы "төраганы жаманатты кылуу максатында жалган маалымат таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга" чакырган.