Садыр Жапаров 3-4-июлда Индияга барат

Кыргызстан менен Индиянын ТИМ башчылары Садыр Жапаровдун жакында боло турган сапарын талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Индияга сапар менен барат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Панажи шаарында өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстан, Индиянын ТИМ башчылары Жээнбек Кулубаев менен Субраманям Жайшанкар менен жолуккан.
Алар Жапаровдун сапарын талкуулашкан. Мамлекет башчы ШКУнун саммитине катышмакчы.
Андан сырткары, алар кыргыз-индия кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн сүйлөшүп, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташкан. Саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жигердүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар экенин белгилешкен.
Министр Кулубаев фармацевтика, айыл чарба, медициналык туризм, индиялык студенттерди Кыргызстанда окутуу жаатында эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын белгилеген. Андан сырткары, банктар аралык кызматташуу, гранттык долбоорлорду, кредиттик линияны ишке ашыруу, Кыргызстанда Индиянын ооруканаларынын толук кандуу өкүлчүлүктөрүн ачуу, кыргыз-индия кызматташтыгынын жаңы багыттарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген.
Эске салсак, 2023-жылдын 3-4-июлунда Нью-Дели шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отуруму болот.
КР ТИМ башчысы ШКУнун саммитинде бир нече маселе көтөрдү