Нижегороддо россиялык жазуучунун унаасы жардырылды. Окуядан кийинки видео

Прилепин жаракат алып, айдоочусу каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Нижегород облусунун Боркский районундагы трассада жазуучу Захар Прилепиндин автоунаасын жардырышты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, Прилепин жаракат алып, айдоочусу каза болгон. Жазуучунун маалымат кызматы анын абалы жакшы экенин кабарлады.
Россиянын Тергөө кызматы жардыруу боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүүнү баштады.
Ал арада Нижегороддун аймагынан полиция кызматкерлери автокөлүктүн жарылышына тиешеси бар деген шек менен бир кишини кармаганы айтылды.
Прилепин Донбасста жаңжал башталгандан кийин аскердик кабарчы катары барып, андан соң ДЭР башчысынын кеңешчиси болуп дайындалган. 2016-2018-жылдары ДЭР армиясынын өздүк курамынын иштери боюнча спецназ батальонунун командиринин орун басары болгон.
Январда ЖМКлар ал атайын операцияга ыктыярчы катары кеткенин жазган.
Брянскиде темир жол жардырылды. Видео