Путин кыргызстандыктарды жана Жапаровду Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

Россия лидери өлкөдө жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана терең ыраазычылыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Сизди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Россияда жана Кыргызстанда согуш талааларында баскынчыларга каршы тайманбастык менен салгылашкан аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын даңктуу эрдиктери жана курмандыктары, ооруктагы талыкпаган эмгектери жөнүндөгү эскерүүлөр ыйык тутулат", — деп айтылган анда.
Россия лидери өлкөдө жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана терең ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга чың ден соолук, жакшы маанай жана узун өмүр каалаган.
Ал Жеңиштин азыркыга чейин түзгөн көпүрөсүнө да токтолгон.
"Улуу Жеңиштин жалпы руханий мурасы бүгүнкү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн ишенимдүү негиз бойдон калып жатканы маанилүү", — деп айтылат Путиндин куттуктоосунда.
Эске салсак, быйыл Россия башында турган дүйнөнүн көп мамлекеттери Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгын белгилейт. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров 9-майда Москвага бармакчы.
Эскертүү! Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү бир саат эрте башталат