БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ош шаарында индиялык студент көп батирлүү үйдүн 6-кабатынан кулап каза болду. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 5-майда, болжол менен саат 16:00 чамасында Курманжан датка кичи районунда болгон.
Индиядан келип ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунда окуп жаткан 22 жаштагы О.Ч. өзү жашаган үйдүн 6-кабатынан кулаган. Кырсык болгон учурда маркум менен чогуу жашаган жана үйүнө келген бир нече мекендеш коноктору болгон. Милиция бул факт боюнча териштирүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалганын белгиледи.