Нарын шаарынын көчөлөрү оңдолууда. Сүрөт

Ички көчөлөрдүн сапаттуу жасалышына толук кандуу көзөмөл жүргүзүү үчүн мэрия атайын техникалык көзөмөлдөөчү жалдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Нарын шаарынын 42 көчөсүн асфальттоо пландалып, иш бүгүн Сыдыков көчөсүн башталды. Бул туурасында атайын кабарчы мэриянын маалымат кызматына таянып билдирди.
1 / 3

Нарын шаарынын 42 көчөсүн асфальттоо пландалып, иш бүгүн Сыдыков көчөсүн башталды

2 / 3

Ички көчөлөрдүн сапаттуу жасалышына толук кандуу көзөмөл жүргүзүү үчүн мэрия атайын техникалык көзөмөлдөөчү жалдаган

3 / 3

Шаар башчысы Канболот Тутуев жол асфальттоо иши менен таанышуу учурунда долбоорду сапаттуу жүргүзүүгө жетиштүү көңүл бурууну белгилеген

Ички көчөлөрдүн сапаттуу жасалышына толук кандуу көзөмөл жүргүзүү үчүн мэрия атайын техникалык көзөмөлдөөчү жалдаган. Шаар башчысы Канболот Тутуев жол асфальттоо иши менен таанышуу учурунда долбоорду сапаттуу жүргүзүүгө жетиштүү көңүл бурууну белгилеген.
Ал Нарын шаарында ички жолдордун абалы эң чоң көйгөй болуп келгендигин, өзгөчө жаан-чачын учурунда басууга мүмкүн болбой калганын кошумчалаган.
Нарын шаарындагы креативдүү иш-чара: “жаныбарлар” ишембиликке чыкты. Сүрөт