Кемелер, жүк артылган төөлөр, кайыктагы эл. Ысык-Көлдөгү сейрек сүрөттөр

Кезинде Ысык-Көл облусунун аймагына башка жактан келген бир топ улуттун өкүлдөрү, ар кыл кесиптин ээлери, жай адамдар келип орун-очок алган. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ошол кезеңдеги сейрек сүрөттөрдү сунуштайт.
Sputnik
Кыргызстандын керемети болгон Ысык-Көлгө убагында көптөгөн саякатчы, изилдөөчүлөр арбын келип, аймактын ошол кездеги кооздугун камерага түшүрүп алган. Ал эми XIX кылымдын соңунда Россиядан көчүп келип, облуска ар кыл элдин өкүлдөрү жайгашып көп улуттуу аймакка айланган. Улуттар аралык достук, биримдикти азыркыга чейин байкоого болот.
1 / 17

"Кой-Сары" курортуна келген эс алуучулар. Ысык-Көл облусу, 1929-жыл

2 / 17

Ысык-Көл облусундагы Сазановка айылынын көрүнүшү. Азыр ал айылдын аталышы Ананьево.

3 / 17

Жүк ташыган жергиликтүү тургун

4 / 17

"Пионер" кемеси менен Прежевальск пристанына келген чек арачылар. 1925-жыл.

5 / 17

Узак жол жүрүп жаңы жерлерге көчүп келе жаткандар. Жыргалаң.

6 / 17

Элдик чарбага кеңири колдонулган карагайларды кемеден түшүрүү учуру, 1939-жыл

7 / 17

Ал жылдары жүк, жүргүнчү ташуу үчүн кемелер кеңири колдонулган. Ысык-Көлдө сүзүп бараткан "Прогресс" кемеси, 1933-жыл.

8 / 17

XIX кылымдын соңунда Россиядан Ысык-Көлгө 15 миңдей адам келген

9 / 17

Кан-Теңири чокусу менен Семенов мөңгүсү. Сары-Жаз өрөөнүндө 1929-жылы тартылган сүрөт.

10 / 17

Түптө жайгашкан чиркөөгө кайык менен бара жаткан келгиндер

11 / 17

Октябрь революциясына чейинки Жети-Өгүз курорту, XIX кылым

12 / 17

Ысык-Көлдөгү Арашан капчыгайындагы шаркыратмалардын бирине кышында барган окуучулар. 1966-жыл.

13 / 17

Ысык-Көлдө курулган "Советтик Кыргызстан" кемеси,1933-жыл

14 / 17

Ысык-Көлдүн ак кар, көк муз баскан тоолоруна арбалган альпинист, 1929-жыл

15 / 17

Көл жээкте токтогон жайыктар, жүк арткан төөлөр. Ал кезде бул адаттагыдай эле көрүнүш болгон. 1931-жыл.

16 / 17

Түп айылына жакын жерде жайгашкан чиркөөлөрдүн бири. XX кылымдын башы.

17 / 17

Апийимдин башын тилген колхозчулар, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, 1970-жыл

Тема боюнча:
Кыргызстанды индустриялаштырган "Интергельпо". Сейрек архивдик сүрөттөр
Кокту-колот, талаа-түздө иштеген кыргызстандык геологдор. Архивдик сүрөттөр