БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын Чек ара кызматы казакстандык чек арачылар Чүй облусундагы айланма жолдун боюна эмне үчүн тосмо орнотуп жатканын түшүндүрдү.
Учурда социалдык тармакта жолдун түштүк тарабын казак тарап зым менен тосуп жаткан видео талкууланууда. Жергиликтүү тургундар коңшу өлкөнүн аскерлери чек араны мыйзамсыз басып өттү деп нааразы болгон.
Кыргыз бийлигинин айтымында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Казакстан өзүнө караштуу 800 метр транзиттик тилкеге тосмолорду орнотуп жатат. Буга чейин спираль түрүндөгү убактылуу көчмө тосмо коюшкан болчу.
"4-майда Казакстан кыргыз тарап менен макулдашкандан кийин өз аймагындагы жолдун ачык тилкелерине тосмолорду орното башташкан. Жолго кире бериштин эки тарабында тең кошумча жол белгилери, транзиттик жолдон өтүү эрежелери менен маалымат такталары орнотулган", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын аталган тилкеден токтобой өтүүгө, адамдарды жана жүктөрдү автоунаадан түшүрүп же чыгарбоого чакырат. Бул эрежелерди бузган учурда Казакстандын мыйзамы боюнча айып пул салынарын эскертти.