Радио

Дүйнөдө биринчи жолу. Кыргызстандык кардиолог медицинага ачылыш киргизди

Кардиолог, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы аритмологу Дамир Осмонов дүйнөлүк практикада биринчи жолу колдонулган инсульттан адамды куткаруучу уникалдуу операция жөнүндө айтып берди.
Sputnik
Бул белгилүү ыкма жана көптөн бери колдонулуп келет. Бирок инновация катары мында канды суюлтуучу тромболитикалык терапияны колдонуу менен тромбду эритүү ыкмасына жана артерияларга чыпка тор коюп, үзүлгөн тромбду мээге кетирбей кармап калуу техникасын коштук. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уникалдуу операциянын өзгөчөлүгү мурда колдонулуп келген дарылоонун эки ыкмасын айкалыштырууда болду.
"Бизге кайрылган бейтап Замир Сулаймановдун абалы клапандарын май басып, жабылып, кан уюп калгандыктан начарлап кеткен. Буга чейинки дарыгерлери белгилегендей, экинчи операцияны жасоо абдан кыйын болуп, аны тазалоо учурунда өлүм кооптуулугу жогору эле. Себеби тромб үзүлүп мээнин тамырларына барып такалып, инсульт болмок. Ошентип бул бейтапка биринчи жолу дарылоонун эки ыкмасын айкалыштырып, жаӊы чечимди сунуштадык. Мында канды суюлтуучу тромболитикалык терапияны колдонуу менен тромбду эритүү жана уйку артерияларына фильтр сетка коюу ыкмасы колдонулду. Операция учурунда кан жоготуудан же инсульттан улам бейтаптын өлүп калуу коркунучу тургандыктан буга чейин эч ким муну жасаган эмес. Оорулууга бардык технологияны түшүндүргөндөн кийин анестезиясыз эки фильтрди кол менен сандагы катетер аркылуу оң жана сол жагына киргизип, андан соң дарынын жардамы менен канды интенсивдүү суюлта баштадык. Эки сааттын ичинде биз жүрөк клапанын тазаладык, ошондой эле уюп калган канды мээге кетирбей фильтр аркылуу кармап калдык. Бул коюлган фильтрлер дароо операция аяктаган соӊ алып салынат. Операция жөнөкөй жана натыйжалуу болгону менен уникалдуу", — деди Осмонов.
Ал чет элдик кесиптештер жаӊы ыкманы жогору баалашканын, дүйнөлүк медициналык практикадагы биринчи жолу колдонулган техника жакында эле беделдүү Европа кардиология ассоциациясынын басылмасына жарыяланганын кошумчалады.