Эскертүү! Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү бир саат эрте башталат

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек калаасында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган "Өлбөс полктун" жүрүшү мурдагы белгиленген убакыттан бир саат эрте баштала турган болду. Бул өзгөрүү туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Чогула турган убакыт — саат 8:00, ал эми жүрүштүн башталышы — 9:00 экенин кабарлашты.
Уюштуруучулар чогула турган жер мурдагыдай эле — Түштүк магистралы, Абдрахманов (Совет) менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде экенин кошумчалашты.
Желек кармаган ардагер терезесинен күтөт. "Өлбөс полктун" мааниси тууралуу маек