Ысык-Көл театры Бишкекке 5 күндүк гастролго келет

Театрдын репертуарында 160тан ашуун спектакль бар.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. 8-майдан тарта борбор калаада Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын гастролу башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Чыгармачыл топ Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 12-майга чейин шаар тургундарына спектаклдерин тартуулайт.
"Театрдын репертуарында улуттук драматургия жана дүйнөлүк классиктердин чыгармалары камтылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, театр 1937-жылы уюшулган. Анда кыргыз искусствосунун залкар артисттери Бакен Кыдыкеева, Абдыашым Көбөгөнов, Сайрагүл Балкыбекова, Алиман Жанкорозова сыяктуу таланттар эмгектенген. Драматург Касымалы Жантөшевдин ысымы мекемеге 1985-жылы берилген. Репертуарында 160тан ашуун спектакль бар.
Бишкекте Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата концерт өттү. Видео