Жапаров жеке кызыкчылыкты көздөгөн топторго кантип каршы туруу керектигин айтты

Өлкө башчынын айтымында, жеке кызыкчылыктарды көздөгөн топторго ири бизнестин, региондук кландардын же административдик-күч түзүмдөрүнүн пайдасына иштеген бирикмелер кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров тышкы кысымдарга да, жеке кызыкчылыктарды көздөгөн топторго да каршы турууга жарамдуу административдик бийлик талап кылына турганын айтты.
Өлкө башчы бүгүн, 5-майда, Улуттук филармонияда өлкө Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
"Жеке кызыкчылыктарды көздөгөн топторго ири бизнестин, региондук кландардын же административдик-күч түзүмдөрүнүн пайдасына иштеген бирикмелер кирет. Мындай жеке кызыкчылыктарга каршы туруу жана коомдун кеңири катмарынын кызыкчылыктарына жооп берген артыкчылыктарды аныктоо үчүн демократиялык жол-жоболор колдонулушу керек. Болбосо мамлекет олигархиялык топтордун жана кландардын барымтасында калышы мүмкүн же башкарууну токтотушу ыктымал", — деди Жапаров.
Президент бардык мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, жарандар конституциялык ченемдердин жана принциптердин кынтыксыз сакталышын камсыз кылышы керектигин белгилеген. Конституция түздөн-түз колдонулуучу жана таасир этүүчү башкы документ болууга тийиш деген.
Ошону менен катар эле экономиканы өнүктүрүү жаатындагы аракеттерди улантып, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу керектигин, айрыкча инфратүзүм, анын ичинде жол, энергетика жана транспорт тармактарын өнүктүрүү маанилүү экенин айткан.
Мындан сыртары, Кыргызстан көп улуттуу мамлекет болуп саналарын, көп түрдүү маданиятты, тилдерди баалоо зарыл экенин кошумчалаган.
Конституциянын жаратмандык дарамети чектелбейт. Садыр Жапаровдун куттуктоосу