Садыр Жапаров FIFA жетекчиси менен футбол ойноду. Сүрөт

Инфантино Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Садыр Жапаров FIFA жетекчиси Джанни Инфантино менен футбол ойноду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
ФИФАнын командасынын курамында уюмдун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде 1998-жылдагы дүйнө чемпиону жана Франция командасынын курамында 2000-жылдагы Европа чемпиону Юрий Джоркаефф да ойноду.
1 / 6

Садыр Жапаров FIFA жетекчиси Джанни Инфантино менен футбол ойноду

2 / 6

ФИФАнын командасынын курамында уюмдун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде 1998-жылдагы дүйнө чемпиону жана Франция командасынын курамында 2000-жылдагы Европа чемпиону Юрий Джоркаефф да ойноду

3 / 6

Президенттик командада министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин администрациясынын кызматкерлери болушту

4 / 6

Оюндун жыйынтыгында мамлекет башчынын командасы жеңишке жетишти

5 / 6

Джанни Инфантино Садыр Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди

6 / 6

Джанни Инфантино Садыр Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди

Президенттик командада министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин администрациясынын кызматкерлери болушту.
Оюндун жыйынтыгында мамлекет башчынын командасы жеңишке жетишти.
Джанни Инфантино Садыр Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди.
Жапаров менен FIFA жетекчиси Кыргыз футбол союзунун кеңсесин ачышты. Видео