Жапаров менен FIFA жетекчиси Кыргыз футбол союзунун кеңсесин ачышты. Видео

Джанни Инфантино заманбап стадиондун ачылышына да келгиси келерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен FIFA жетекчиси Джанни Инфантино Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачылышына катышышты.

"Салам, Кыргызстан! Биз бул жерге кыргыз өлкөсү дүйнө жүзүнө жаркырап турушу үчүн келдик. Футбол бүткүл дүйнө жүзүн бириктирет. Биз бириккенде гана утабыз. Мен жаңы заманбап стадиондун ачылышына да келгим келет жана кызматташтыкка дайым даярмын", - деди ал.

1 / 2

Президент Садыр Жапаров менен FIFA жетекчиси Джанни Инфантино Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачылышына катышышты

2 / 2

Садыр Жапаров бул кеңсе Кыргыз футбол союзунун натыйжалуулугун шарттап, келечекте албан ийгиликтерге себепчи болоруна ишенерин айтты

Ал эми Садыр Жапаров бул кеңсе Кыргыз футбол союзунун натыйжалуулугун шарттап, келечекте албан ийгиликтерге себепчи болоруна ишенерин айтты.
"Эми футбол боюнча улуттук командабыздын Азия кубогундагы беттештеринен жагымдуу жаңылык күтөбүз", - деди президент.
Инфантино: FIFA Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө салым кошууга даяр