Инфантино: FIFA Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө салым кошууга даяр

Бишкекке Эл аралык футбол федерациясынын президенти келди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров FIFA президенти Джанни Инфантинону кабыл алганын маалымат кызматы кабарлады.
Анда кыргыз футболун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды.
1 / 3

Өлкө башчы Садыр Жапаров FIFA президенти Джанни Инфантинону кабыл алган

2 / 3

Анда кыргыз футболун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды

3 / 3

Инфантино Кыргызстандын Футбол союзунун жакшы иштегенин баса белгилеп, FIFA уюмунун Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө салым кошуу ниети бар экенин билдирген

Жапаров алгач Инфантинону бул кызматка кайрадан шайланышы менен куттуктаган.
"Кыргызстанга болгон биринчи сапарыңыз символикалуу жана маанилүү. Кыргызстанга келишиңиз кыргыз футболунун өнүгүүсүнө дем-күч берет. Спорт жаатындагы жетишкендиктер мамлекеттин бакубаттуулугунун, биримдигинин жана өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат", — деди президент.
Садыр Жапаров спорт түрлөрүнүн ичинен футбол анын жан дүйнөсүнө өтө жакын экенин, өзү бала кезинен бери ойноорун жана футбол дүйнөсүндө болуп жаткан окуяларга чоң кызыгуу менен баам саларын белгиледи. Ошондой эле өзү демилгелеген "Мурас" турнири тууралуу айтып берген.
Өз кезегинде Инфантино Кыргызстандын Футбол союзунун жакшы иштегенин баса белгилеп, FIFA уюмунун Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө салым кошуу ниети бар экенин билдирген. Тагыраагы, алар Ысык-Көлдөгү Балдар жана өспүрүмдөр футбол академиясына жана башка объектилерге инвестиция салууга, техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр.
Мындан тышкары, ал кыргызстандык футболчулардын физикалык, техникалык талантын белгиледи.
Ошондой эле кыргыз тарапка спорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө даярдыгы жана каалоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
Жаңы машыктыруучу Таркович Кыргыз футбол союзу менен келишимге кол койду