Эмомали Рахмон Москвадагы Жеңиш парадына чакырылды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архивдик сүрөт
Москвага расмий сапары менен бара турган Садыр Жапаров дагы парадга катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Москвадагы 9-майдагы Жеңиш парадына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чакырылды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Бирок Рахмондун маалымат кызматынын жетекчиси Абдуфаттох Шарифзода президенттин Москвага барары азырынча белгисиз экенин, 9-майда Душанбедеги Жеңиш паркындагы Өчпөс оттун жанында гүл коюу иш-чарасына катышуусу пландалганын айткан.
Тажикстандын президентин Россиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүүдө чакырган.
Белгилей кетсек, Москвага 8-майда расмий сапары менен бара турган өлкө башчы Садыр Жапаров дагы парадга катышат.
Президент Садыр Жапаров жана Россия лидери Владимир Путин. Архивдик сүрөт
Садыр Жапаровдун Москвага болчу сапарында эмне талкууланары айтылды