Нарында согуш ардагерлерине президенттин атынан 100 миң сомдон берилди. Сүрөт

Учурда Нарын облусунда согуштун үч ардагери жашайт. Бирөө 101де, экөө 98 жашта.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 4

Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырылды.

2 / 4

Аны өлкө башчынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов дарегине жеткирип, ардагерлерди майрамы менен куттуктаган.

3 / 4

Ардагерлер президенттин көңүл буруусуна терең ыраазычылык билдирип, батасын беришти.

4 / 4

Учурда Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери бар

Аны өлкө башчынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов дарегине жеткирип, ардагерлерди майрамы менен куттуктаган.
Учурда Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери бар:
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну, 98 жаштагы Сатынды Жапаров;
Кара-Суу айылынын тургуну, 98 жаштагы Тапа Керимкулов;
Нарын шаарынын тургуну, 101 жаштагы Тукеш Токтомушев.
Ардагерлер президенттин көңүл буруусуна терең ыраазычылык билдирип, батасын беришти.
Бишкекте Улуу Жеңиш күнүнө карата митинг-реквием өттү. Сүрөт