Кыргызстанда өндүрүлгөн балык органикалык стандарттарга жооп берет. Анткени биздеги аба, суу жана шарттар абдан жакшы. Бул тууралуу Эдил Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү ири көлдөрдү балыктандыруу иштери кызуу жүрүп, браконьерлер менен иш алып барууга басым жасалууда.
"Кыргызстанда өстүрүлгөн балыктар 100 пайыз органикалык стандарттарга жооп берет. Бизде абаны, сууну булгай турган завод, фабрикалар жок. Алсак, Бишкекте ТЭЦ иштейт. Бирок балык чарбаларынын дээрлик баары аймактарда жайгашкан. Өлкөдөгү балык өстүргөн ишкерлер жогорку сапаттагы жем колдонушат. Россиянын адистери биздеги балык чарбаларынын ишин текшергенинин негизги себеби экспорттун көлөмүнө байланыштуу болгон. Алар келип текшерип, бардык шарттар аткарылып жатканын көрүштү. Мындан тышкары, өлкөдөгү ири көлдөрдү балыктандыруу иштери кызуу жүрүп, браконьерлер менен иш алып барууга басым жасалууда", — деди Ниязов.
Ошондой эле адис Ысык-Көлдө "Аквамаданиятты жана балык уулоону өнүктүрүү" улуттук борборунун имаратынын курулушу жүрүп жаткандыгын кошумчалады.