ДССУ COVID-19 пандемиясы токтогонун жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. COVID-19 пандемиясы токтоду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси Тедрос Адхан Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды.
"ДССУнун өзгөчө кырдаалдар комитетинин эксперттери коомдук саламаттык сактоо тармагында (PHEIC) COVID-19 деген эл аралык мааниге ээ илдеттин статусун алып салууну сунушташты. Ага ылайык, пандемия токтогонун жарыяладым", - деди ал брифингде.
Гебрейесус бул нерсе COVID-19 ден соолук үчүн коркунуч жаратпайт дегенди түшүндүрбөй турганын белгиледи.
Анын айтымында, COVID-19дун айынан дүйнөдө кеминде 20 миллион адам каза болду.
“2020-жылдан бери COVID-19дан каза болгондордун расмий саны — 7 миллион. Бирок чыныгы сандар кыйла жогору. Кеминде 20 миллион адам каза болду”, - деди ал.
Радио
Өлкөнү дары-дармек менен толук камсыз кылган завод ачылат