БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бош кызмат орундары үчүн борбордук аппараттын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялады.
Ага ылайык, министрлик төмөнкү иш орундарына кызматкерлерди кабыл алат:
Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн улук инспектору (иштеген жери Ош жана Жалал-Абад облустары);
Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө секторунун башчысы;
Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (мамлекеттик тил боюнча);
Маалыматтык саясат секторунун башкы адиси;
Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн адиси.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
жеке арыз;
кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
сүрөтү менен резюме;
автобиография;
акыркы иштеген жерин тастыктаган документтер;
окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2023-жылдын 3-майынан 19-майына чейин Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42 дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматты (0312) 31 41 08 телефону же www.mtd.gov.kg сайтынан алууга болот.