Садыр Жапаров мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына барды

Өлкө башчы бир катар тапшырмаларды берип кайтты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президентке жеңил атлетика, футбол, күрөш, стол тенниси боюнча машыгууларды өткөрүүгө арналган манеж 1976-жылы пайдаланууга берилгени, абалы бүгүнкү талаптарга жооп бербей турганы жана спортчуларды даярдоо үчүн шаймандар жоктугу тууралуу маалымат берилди. Буга чейин эч кандай оңдоо иштери өткөрүлгөн эмес.
1 / 4

Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына барды

2 / 4

Президентке жеңил атлетика, футбол, күрөш, стол тенниси боюнча машыгууларды өткөрүүгө арналган манеж 1976-жылы пайдаланууга берилгени, абалы бүгүнкү талаптарга жооп бербей турганы жана спортчуларды даярдоо үчүн шаймандар жоктугу тууралуу маалымат берилди

3 / 4

Буга чейин эч кандай оңдоо иштери өткөрүлгөн эмес

4 / 4

Жапаров академиянын футбол жана жеңил атлетика аянтчасын толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат таап, аны быйылкы жаңы окуу жылынын башталышына карата бүткөрүүнү тапшырды

Жапаров академиянын футбол жана жеңил атлетика аянтчасын толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат таап, аны быйылкы жаңы окуу жылынын башталышына карата бүткөрүүнү тапшырды.
Президент диндердин өнүгүү тарыхы предмети кандай окутулуп жатканын текшерди