БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү сүрөтүнөн саясат жасабагыла. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков соцтармактагы кайрылуусунда айтты.
Эске салсак, өлкө башчы бүгүн, 4-майда, Бишкек шаарындагы №77 мектепке пландан тышкары барып, 9-класстын окуучуларынын диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабагына катышкан. Анда тартылган сүрөттөрдүн бирин айрым интернет колдонуучулар сынга алды. Алар класстагы орус тилиндеги "Бизге эң бай, эң так жана чыныгы сыйкырдуу орус тилин үйрөнүү берилген" деген сөзгө көңүл бурушкан.
Орунбеков бул президент мектепти пландан тыш эле кыдырып жүрүп, орус тили кабинетине кирген учурдагы тартылган сүрөт экенин айтты.
"Аны бурмалап, саясат жасап, шакаба кылуу орунсуз деп эсептейбиз. Жакшы билесиздер, мектептерде "орус тили", "математика", "химия" деп бөлүнгөн класстар болот. Предметтерге ылайык, класстын ичи дагы ылайыкташып жасалгаланат", — деп жазды Орунбеков.