Президент диндердин өнүгүү тарыхы предмети кандай окутулуп жатканын текшерди

Жапаров Бишкек шаарындагы мектептердин биринде диндердин өнүгүү тарыхы сабагына пландан тышкары катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 4-майда Бишкек шаарындагы №77 орто билим берүү мектебине пландан тышкары барып, 9-класстын окуучуларынын диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабагына катышты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган предмет президенттин демилгеси менен өткөн жылдын сентябрынан тартып окуу планга киргизилген.
Жапаров сабактын жүрүшүндө окуу процессине, жаңы предметти окутуунун методикасына, бул тема боюнча окуучулардын билим деңгээлине байкоо жүргүзгөн.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров 4-майда Бишкек шаарындагы №77 орто билим берүү мектебине пландан тышкары барып, 9-класстын окуучуларынын диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабагына катышты

2 / 5

Аталган предмет президенттин демилгеси менен өткөн жылдын сентябрынан тартып окуу планга киргизилген

3 / 5

Жапаров сабактын жүрүшүндө окуу процессине, жаңы предметти окутуунун методикасына, бул тема боюнча окуучулардын билим деңгээлине байкоо жүргүзгөн

4 / 5

Окуучулар менен баарлашууда президент бул предмет өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы, маданияты, адамзаттын жашоосундагы жана руханий-адептик чөйрөдөгү ролу жөнүндө объективдүү илимий билимди бериши керектигин белгилеген

5 / 5

Президент ар кандай радикалдуу диний агымдарга аралашуусун алдын алуу үчүн өсүп келе жаткан муунга дин тууралуу туура маалыматтарды жеткирүү маанилүү экенин белгилеген

Окуучулар менен баарлашууда президент бул предмет өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы, маданияты, адамзаттын жашоосундагы жана руханий-адептик чөйрөдөгү ролу жөнүндө объективдүү илимий билимди бериши керектигин белгилеген.
"Мамлекет башчы окуучуларга салттуу диндердин баалуулуктары тууралуу билимге бүгүнкү күндө талап жогору экенин, анткени ар кандай кыймылдар өз катарына жаңы жолдоочуларды тартуу үчүн ар кыл каналдар аркылуу өз маалыматтарын активдүү жайылтып, аны диний баалуулук катары көрсөтүп жатканын түшүндүрдү", — деп айтылган маалыматта.
Президент ар кандай радикалдуу диний агымдарга аралашуусун алдын алуу үчүн өсүп келе жаткан муунга дин тууралуу туура маалыматтарды жеткирүү маанилүү экенин белгилеген. Мектептеги сабактар жаштар арасында дин тууралуу туура түшүнүктү калыптандырууга гана жардам бербестен, алардын үй-бүлөсүндө жана жакын чөйрөсүндө диний маселелер боюнча билим алууга да салым кошорун айткан.
Диндердин өнүгүү тарыхы предмети гуманитардык билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Анын программасы менчигинин түрүнө жана формасына карабастан Кыргызстандын билим берүү мекемелеринин 9-класстарынын окуучулары үчүн иштелип чыккан.
Баткендин чек арадагы айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды. Сүрөт