Песков: Кремлге дрон менен сокку уруунун артында АКШ турат

Маалымат катчы Киевдин ар кадамынын артында АКШ турарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Киев менен Вашингтондун Кремлге кол салуусун четке кагып жатышы күлкүнү келтирет. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, мындай терактылар боюнча чечимдерди АКШ кабыл алып Украина аткарат. Москва Киевдин артында Кошмо Штаттар турарын жакшы билет.
Буга чейин Кремлдин маалымат кызматы 3-майга караган түнү Киев режими Россиянын президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына дрондор менен сокку урууга аракет жасаганын кабарлаган.
"Киев менен Вашингтон кол салуусун четке кагып жатышы күлкүнү келтирет. Мындай аракеттер жана терактыларды жасоо чечими Киевде эмес, Вашингтондо кабыл алынарын абдан жакшы билебиз. Ал эми Киев айтылгандарды гана аткарат", — деди Песков журналисттерге.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Киев Москва менен Путинге кол салбаганын айтты