Кытайдан жүктөрдү тезирээк ташуу үчүн "Эркеч-Там" өткөрүү пункту кеңейтилет

Учурда "Эркеч-Тамдан" күнүнө 250 унаа өтүп жатат, негизи ал пункт 150 машинага ылайыкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" өткөрүү пункту кеңейтилет. Бул туурасында Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев парламентте билдирди.
Депутат Шайлообек Атазов кытай тарап бир заматта 30-40 жүк ташуучу унааны чыгарууда, бирок Кыргызстандын чек арасына келгенде бирден араң өткөрүп жатышканына нааразы болду.
Салиевдин айтымында, учурда "Эркеч-Тамдан" күнүнө 250 унаа өтүп жатат, негизи ал пункт 150 машинага ылайыкташкан.
"Азыр бул бизде орчундуу маселе болуп жатат. Кечээ финансы министринин орун басары менен барып көрүп келдик. Өкмөттөн да тапшырма түшкөн. Өткөрүү пунктунун аймагын кеңейтүү чечими кабыл алынып, жергиликтүү органдарга 10-майга чейин жерди чечип берүү тапшырмасы коюлду. Анда өтүү технологиясына бир топ өзгөртүүлөр киргизилип, унаалардын тезирээк өтүүсүнө шарт түзүлөт", — деди Бажы кызматынын төрагасынын орун басары.
Андан соң депутат президенттин парламенттеги өкүлүнөн бул жагдайды көзөмөлгө алып коюшун суранды. Атазов бажычылар саат 11:00дө жумушка келип, кайра 16:00дө жаап кетип калып жатышканын белгиледи.
Депутат "Эркеч-Там" постундагы бажычылардын чабалдыгына нааразы болду