Быйыл Россиядан 560 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Сабырбек Султанбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, апрелде Россия тарап менен электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.
"Былтыр 2 миллиард 800 миллион киловатт-саатка чукул электр энергиясы импорттолгон. Учурда бул келишим күчүндө, бирок баасы арзаныраак чыгып калабы деп Россия тарапка кайрылганбыз. Алар сунуштаган баа ыңгайлуу, бирок арзан болуш үчүн түнкүсүн же дем алыш күндөрдө 16-апрелден баштап сатып алынууда. Мындан тышкары, Казакстандын өткөрүү линияларынын мүмкүнчүлүгү дагы эске алынат. Болжол менен Россиядан 560 миллион киловатт-саат импорттоо пландалууда. Бирок бул сан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө жараша кошумча такталат. Анткени быйыл суу жетиштүү көлөмдө топтолот деген божомол болууда. Учурда суунун агып кирүүсү агып чыкканга караганда көбөйдү", — деди Султанбеков.
Ошондой эле ал генерацияны көбөйтүү менен 2026-жылга чейин электр энергиясын экспортко чыгаруу планы коюлуп жатканын кошумчалады.