Радио

Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалына 30дан ашык өлкө катышат

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Венера Өмүрбек кызы маданий иш-чаралар аркылуу тарыхты жаштарга эскертип туруу маанилүү экенин айтты.
Sputnik
Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалына быйыл 30дан ашык өлкөдөн катышуучулар келет. Бул тууралуу Венера Өмүрбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чара быйыл эки багытта өтмөкчү.
"Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштуруп жаткан Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы бул жылы илимий жана маданий багытта өтөт. Иш-чарага катышууну каалагандар 17-21-май күндөрү ордолуу Ош шаарына келсе болот. Азыркы кезде 30дан ашык өлкөдөн катышуучулардын келери күтүлүп жатат. Эл аралык фестиваль ар кандай конкурстар менен коштолмокчу. Мисалы, "Мыкты Боз үй" аттуу кароо-сынак аркылуу өлкөбүздөгү мыкты боз үй аныкталмакчы. Максаты — ата-бабаларыбыздан калган тарыхыбызды жана мурастарыбызды жаштарга өткөрүп берүү", — деди Өмүрбек кызы.
Ал аталган фестивалдын эң башкы колдоочусу президент Садыр Жапаров экенин кошумчалады.