Беш күндүк эс алуу учурунда айдоочулук күбөлүктү кайдан алса болот

Кыргызстандыктар расмий түрдө келе жаткан аптада беш күн катары менен эс алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Алдыдагы дем алыш күндөрү айдоочулук күбөлүктү кайдан алууга же алмаштырууга болорун Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы түшүндүрдү.
Дем алыш күндөрү мамлекеттик кызматтарды кезексиз алуу үчүн РИОМ-Авто базарынын аймагында жайгашкан "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык бөлүмүнө кайрылуу керек. Жоголгон күбөлүктү кайра алуу же калыбына келтирүү үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүшүңүз керек:
ID-паспорт;
айдоочунун жеке картасы;
автомектепти бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк;
форма-083, медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктоочу (наркологиялык жана психиатриялык экспертиза, көздү текшерүү);
арыз ("Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө толтурулган).
"Унаа" мекемеси алдыдагы 5 күндүк эс алууда кандай иштейт? График