Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү айтылды

Суу жыл сайын бир айга токтотулат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкекте ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мэр Эмилбек Абдыкадыров тиешелүү буйрукка кол койгон.
Мындай өчүрүүлөр профилактикалык иштерди жүргүзүп, жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында жыл сайын болуп келет.
Шаар бийлиги келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
Ошто тамтыгы чыгып бараткан Масалиев көчөсүнүн жолу оңдолот