БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Дайыр Асанов атындагы паркта Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.
Иш-чара 11 жылдан бери өткөрүлүп келе жатканын Ленинград блокадачылар коомунун төрагасы Марат Кутанов билдирди. Иш-чарага ардагерлер, Бишкек финансылык-экономикалык техникуму, Дайыр Асанов атындагы аскердик лицей, Ишенбай Абдразаков атындагы авиациялык институттун курсанттары, "Газпромдун" өкүлдөрү, Россиянын элчилиги, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү катышты.
"Блокадачылар, коноктор жана пенсионерлер үчүн балдар бий жамааты таланттарын тартуулашты. Программа абдан кызыктуу болду. Балдар, студенттер тарыхка кызыгып, ардагерлер менен баарлашты", — деди Кутанов.
Ал ошондой эле Кыргызстанда 12 блокадачы калганын кошумчалады.