БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек шаарынын бул жылдагы бюджети 22,9 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары документти кабыл алды.
Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 18 миллиард 390 миллион сом деп болжолдонду. Дагы 3,8 миллиард сом республикалык бюджеттен бөлүнөт.
Өткөн жылы шаар бюджети 15 миллиард сомдон бир аз ашкан.