БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек мэриясынын, "Бишкек башкы архитектура" жана "Кадастр" ишканасынын Бишкек филиалынын кызмат адамдарынын коррупциялык иштери аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Текшерүүнү Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн.
"2007-жылы кызмат адамдары мыйзамдарды одоно бузуу менен аукцион өткөрүп, жеңүүчү деп А.Э.Ж. аттуу кишини аныкташат. Ага Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин 5,5 миллион сомго сатышат. Ал киши жер тилкени "К.Н.М." ЖЧКсына сатып жиберген", — деп билдирди башкы көзөмөл органы.
Ал эми жалпы аянты 0,97 гектар жер тилкесинин наркы 165 миллион 737 миң сомду түзөрү белгиленди. Учурда "К.Н.М." ЖЧКсы тарабынан бул жер тилкесинде курулуш иштери жүргүзүлүп келет.
"Жогоруда аталган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп жазылган маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.