Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Киев Москва менен Путинге кол салбаганын айтты

Зеленский Киевде мындай чабуулдар үчүн жетиштүү курал жок экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Владимир Зеленский Кремлге пилотсуз учак менен кол салуу аракети Украина тараптан жасалбаганын айтып, жоопкерчилигин моюнга алуудан баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Кремлдин маалымат кызматы шаршембиге караган түнү Киев режими Россиянын президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясында учкучсуз учактар сокку урууга аракет кылганын билдирген. Анын кесепетинен жабыркагандар жана материалдык чыгым болгон жок. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков кийинчерээк РИА Новостиге мамлекет башчысы ал учурда Кремлде жок экенин билдирди.
“Биз Путинге же Москвага кол салган жокпуз, биз өзүбүздүн территориябызда согушуп жатабыз. Бул үчүн бизде курал жетишсиз, биз аларды бардык жерде колдонбойбуз... Путинге кол салган жокпуз”, — деди Зеленский пресс-конференцияда.
24-апрелде Washington Post гезити колго тийген документтерге шилтеме жасап, Москвага сокку урабыз деген коркутуулар тууралуу жазган. Гезит Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановдун Россия Федерациясынын аймагына үстүбүздөгү жылдын 24-февралында сокку урууну пландаганын, бирок Вашингтондун талабы менен чабуулдар кийинкиге калтырылганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамдуманын спикери Кремлге кол салуу тууралуу пикирин айтты